Чүй райондук ички иштер бөлүмү 2008-жылы туулган Иманалиев Бакыт Русланович аттуу өспүрүмдү издеп жатат.
Милициядан маалымдашкандай, ал Чүй райондук мектеп-интернатында окуп жаткан. 28-ноябрда эч кимге айтпастан интернаттан чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Бакыт бою 145-150 см чамалуу, толмоч бала. Ошол күнү көк куртка, кара футболка, кара спорттук шым, боз ботас кийип жүргөн.
Баланы көрүп калгандар, же таап алгандар, же ал тууралуу маалымат билгендер болсо, 0 (312) 60-73-87 и 0 (501) 74-66-00 телефон номерлерине кабарлап коюуну райондук милиция өтүнөт.