Биз менен байланышыңыз

Ички аскерлердин колбашчысы Исламбек Кенжекулов кармалды

Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 1013 | 0

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 20-декабрда ИИМдин Ички аскерлер кызматындагы коррупциялык схемага байланышуу кармалган.

Эске сала кетсек, Аскер прокуратурасынын пландуу текшерүүсү учурунда өздүк курамга тамак-аш, кийим-кече сатып алууга бөлүнгөн акчадан өөнөгөн факты табылган. Тактап айтканда, тиешелүү жетекчилик жалган фирмалардын атынан «акча которулду» деген кагаз жасап, ал сумманы бөлүшүп алып турушкан. Мындан өлкө казынасы жалпы 33 млн 946 миң 866 сом зыян тарткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 209-беренеси (алдамчылык), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу), 346-беренеси (кызматтык жасалмалык), 348-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголгон.

Аскерлердин акчасын «жеп алгандарга» беш берене менен кылмыш иши козголду

Copyright © 2017 Maral FM