Биз менен байланышыңыз

Аскерлердин акчасын «жеп алгандарга» беш берене менен кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 14 Дек 2021 | 2068 | 1

Ички иштер министрлигинин ички аскерлер кызматында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аскер прокуратурасынын пландуу текшерүүсү учурунда өздүк курамга тамак-аш, кийим-кече сатып алууга бөлүнгөн акчадан өөнөгөн факты табылган. Тактап айтканда, тиешелүү жетекчилик жалган фирмалардын атынан «акча которулду» деген кагаз жасап, ал сумманы бөлүшүп алып турушкан. Мындан өлкө казынасы жалпы 33 млн 946 миң 866 сом зыян тарткан.

Бул факты боюнча тиешелүү кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 209-беренеси (алдамчылык), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу), 346-беренеси (кызматтык жасалмалык), 348-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголду.

Учурда Аскер прокуратурасы тергөө жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM