Биз менен байланышыңыз

Пакистандын тышкы иштер министри Бишкекке келди

Кыска кабар | 21 мая 2024 | 260 | 0

Бүгүн, 21-майда Пакистан Ислам Республикасынын Вице-премьери, Тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Пакистандын тышкы иштер министри Бишкекке кыска мөөнөттүү иш сапары менен келди. Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Пакистандын дипломатиялык мамилеси, соода-сатык жана билим берүү тармагындагы кызматташтык талкууланат. Ошондой эле пакистандык студенттердин абалы тууралуу да сөз болору күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 20-майда Астанада ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өткөн. Саммиттин алкагында да Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммед Исхак Дар Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолуккан.

Copyright © 2017 Maral FM