Биз менен байланышыңыз

Таттыбүбү Эргешбаева: VI чакырылыш сапатсыз мыйзамдарды көп кабыл алды

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы укуктук хаосту токтотуп, мыйзам нугуна түшүүсү керек. Мындай пикирин юрист Таттыбүбү Эргешбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы 6 жылдын ичинде 1184 мыйзам кабыл алган, алардын ичинен 629у мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү болгон. Былтыркы жылга чейин 5 жыл бою Жогорку Кеңештин өкмөттү көзөмөлдөө функциясы күчтүү болчу. Бирок буга карабастан, парламент чабал иш алып барды.

«Ошол учурда 10 чакты өкмөт башчы алмашты, андан сырткары конституциялык референдумга добуш беришип, өлкөдө төңкөрүш болгондон кийин ошонун үстүнөн  иш-чараларды жасашты. Негизи Конституциялык референдум, андан ары өтүп жаткан мыйзамдык инвентаризация процесси абдан сапаты жок, мыйзам эрежелери сакталбай жүрдү. Улуттук коопсуздукка шек келтире турган аракеттер көп болду жана ар бир тармактагы мыйзам сапатсыз, коомдук талкуусу жок эле кабыл алынып жатты», — дейт юрист.

Ал парламент институту бийлик бутактарынын ортосундагы карама-каршылыкты жана балансты сактап туруучу өтө күчтүү механизм экенин, улуттук коопсуздукка өтө чоң бир тастыктоочу жана жардам берүүчү функция аткарарын белгиледи. Ошол себептен парламенттин ролун азайтпоо керек, дайыма күчөтүү керек. Юрист эмки чакырылыш баарын мыйзам талаасына кайтарып, укуктук хаосту токтотушу керек деген ойдо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM