Биз менен байланышыңыз

Ош шаарындагы таштанды жайларга видеокөзөмөл орнотулуп жатат

Кыска кабар | 20 Дек 2021 | 319 | 0

Ош шаарындагы таштанды челектердин жанына видеокөзөмөл камералары орнотулуп баштады. Бул тууралуу шаардын «Тазалык» кызматы билдирди.

Мекеме кабарлагандай, камера таштандыны челекке салбай, анын жака-белине таштап кеткендерди, курулуш калдыктарын төккөндөрдү көзөмөлдөйт. Ар бир келген жарандын кыймыл-аракети видеобайкоого күнү-түнү жазылып турат. Эреже бузгандарга айып пул салынат.

Тазалыкка кайдыгер караган жарандардын кесепетинен шаар булганып, экинчи жактан курулуштун оор калдыктарын жүктөөдөн техникалар бузулуп жатканын айтат «Ош-Тазалык» кызматы.

Видеокөзөмөл камера пилоттук долбоор катары алгач 20 жайга коюлду. Бара-бара бардык жайга орнотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM