Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлөр мигранттар үчүн бир топ татаалдашкан чечимдерди кабыл алып жатышат

Чет жактардагы биздин мекендештер үчүн узап бараткан жыл былтыркы жылдай эле өткөөл жылдардан болду.  Мындай пикирин «Замандаш» ассоциациясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Майрамбек Жапанов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, пандемиянын кесепети бизде эле эмес, биздин мекендештер жашап жаткан, иштеп жаткан өлкөлөрдө дагы деле билинүүдө. Ошондуктан биздин мекендештердин көйгөйлөрү дагы деле болсо актуалдуу боюнча калууда. Андан тышкары чет өлкөлөр мигранттар үчүн бир топ татаалдашкан чечимдерди кабыл алып жатышат.

«Биз миграцияны бир эле өлкөнүн алкагында карай албайбыз. Ошондуктан ар бир өлкөнүн башчыларынын өзүнүн тышкы мигранттарын колдоо максатындагы кайрылуулары колго аларлык. Президент Садыр Жапаровдун быйылкы мигранттарга карата кайрылуусунун мурунку жылдардагы кайрылуулардан айырмасы Кыргызстандагы завод-фабрикалардын ишке кирип жатканын айтуусу болду. Мисалы: «Кара-Балтадагы фабрика ишке кирсе, мигранттарды кайра алып келем», — деди. Бул абдан жакшы чакырык болду. Анткени миграцияны токтотуунун бирден бир жолу — жумуш орундарын түзүп берүү, экономиканы көтөрүү. Ошондо биз миграциянын терс көрүнүштөрүнөн арыла алабыз», — деди ал.

Майрамбек Жапанов президенттин мигранттарды колдоо боюнча январда кабыл алынган жарлыгы жакшы кадам болгонун, бирок андан бери кескин түрдө иштер жүрдү деп айтууга болбой турганын кошумчалады. Бирок аракеттер болуп жатат.  Ал аракеттер канчалык жыйынтыгын берет, аны убакыт көрсөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM