Биз менен байланышыңыз

2021-жылы мигранттар 2 млрд доллардан ашуун акча которгон

Кыска кабар | 19 Дек 2021 | 705 | 0

Чет өлкөдө иштеген Кыргызстандын жарандары 2021-жылдын январь айынан октябрь айына чейин 2 миллиард 284 миллион 650 миң доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалым болгондой, бул акча жеке жактардан келип түшкөн.

Айта кетсек, өткөн жылдын бул мезгилинде 1 миллиард 959 миллион долларга жетпеген которуулар болгон. Пандемия шарттарынан улам акча салуу бир кыйла азайып кеткен.

Банк маалымдагандай, бул которуулар акыркы 10 жылдагы эң жогорку көрсөткүч катары катталды.

Copyright © 2017 Maral FM