Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Эки бейтап каза болуп, 32 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 19 Дек 2021 | 621 | 0

Кыргызстанда 19-декабрга карата коронавирус инфекциясынын 32 жаңы учуру аныкталды. Анын ичинде:

Бишкекте — ​​20,  Жалал-Абад облусу — 7, Баткен облусу — 3, Чүй облусу — 1, Ош облусу — 1 учур катталды.

Пандемия башталгандан бери 184 195 адамга коронавирус жукту.

Акыркы сутка ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эки өлүм учуру катталды. 2020-жылдын март айынан бери расмий маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирустан 2783 адам каза болду.

Бир сутка ичинде 35 адам айыкты, 2020-жылдын март айынын башынан бери 179 миң 282 адам айыгып чыкты.

Учурда 647 адам коронавирустан дарыланып жатат. 346 адам үй шартында, 301 адам стационарда дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 195 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 179 миң 282 киши айыгып чыкса, 2 миң 783 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM