Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаңы жылдык балаты кандай көрүнөт? (сүрөт)

Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 328 | 0

Бүгүн борбордук «Ала Тоо» аянтында жаңы жылдык балатынын жарыктары кечээ, 17-декабрда жанды. Иш-чара майрамдык концерт менен коштолду.

Балатыны жасалгалоого 5 миң метрге жакын гирляндылар, 1,5 миң метр дюралайт илинген, падышалык тон менен кооздолгон этникалык стилдеги 13 инсталляция орнотулган.

Борбордук аянтты кооздоо үчүн светодиоддуу жарыктандыруусу бар туннель түрүндөгү эки инсталляция, 12 кичинекей балаты, 12 кар бүртүкчөлөрү, 20 чоң шар жана 20га жакын акрилден жасалган жарык берүүчү инсталляциялар орнотулду.

Андан тышкары, борбор калаанын борбордук көчөлөрүн жасалгалоого жылдыздар, глобустар жана шар түрүндөгү жаңы жылдык баннерлер илинген.

Эскерте кетсек, буга чейин жаңы жылдык балатыны жана аянтты кооздоого 5 млн 687 миң 500 сом кетери айтылган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM