Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна барат

Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 993 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында президент бир катар имараттардын ачылыш аземине катышып, өнөр жай ишканаларынын иши жана жол курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Ошондой эле Садыр Жапаров облустук клиникалык оорукананын мисалында облустагы медицинанын абалы менен таанышары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM