Биз менен байланышыңыз

Сот Молдокматов, Асанов жана Ниязовду 14-январга чейин камакта калтырды

Кыска кабар | 17 Дек 2021 | 940 | 0

Бүгүн, 17-декабрда саат 14:00дө Биринчи Май райондук соту Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана Фарид Ниязовду 2022-жылдын 14-январына чейин камакта калтырды. Бул тууралуу «Туран» партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу «Фейсбук» баракчасына жазды.

Былтыр октябрда болгон окуяларга байланыштуу камакка алынган саясатчы Жеңиш Молдокматовго 4 берене: «массалык башаламандыктар» беренесинин 3-бөлүгү, «курал-жарак уурдоо же опузалап алуу», «бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо», «бийлик адамына күч колдонуу же коркутуу» менен иш ачылган.

Молдокматов май айынын башында былтыркы 5-6-октябрь жана 9-октябрдагы окуяларга байланыштуу камакка алынган. Ал иштин акыйкат каралышын талап кылып, 26-июлдан 5-августка чейин 10 күндөн ашык ачкачылык кармаган. Кийин ден соолугуна байланыштуу менчик клиникалардын биринде дарыланып, кайра абакка которулган. Учурда СИЗО-1де кармалууда.

Молдокматов өзүн күнөөсүз деп атап, «саясий куугунтук жүрүп жатат» деп эсептейт. Ал камакка алынганга чейин азыркы бийликтин иш-аракетин катуу сынга алып келген.

Молдокматовдун тарапташтары жаңы Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси баарына бирдей иштөөсүн талап кылышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM