Биз менен байланышыңыз

«140 миң бюллетендин жараксыз болуп калышына эч ким жооп берген жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Дек 2021 | 1135 | 0

Быйылкы шайлоодо 140 миңге жакын шайлоочунун добушу жокко чыгып калды. Ага эч ким жооп берген жок. Бул тууралуу жарандык активист Атай Бейшебек уулу «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул шайлоодогу кемчиликтерге калың эл көп маани берген жок, боло жүргөн көрүнүш катары кабылдап койду. Бирок шайлоо процессин түшүнгөн коомдун активдүү жарандары өзүнүн баасын берди. Ошол эле БШК өздөрү көрдү.

«Аймактык комиссиялардын канчалык дайындыгын, протоколдорду толтуруу боюнча дайындыктарды, АСУлардын иштебей калгандыгын, техникалык мүчүлүштүктөрдү көрдүк. Мен дагы бир жагдайга көңүл бургум келет — 120 миңге жакын жараксыз бюллетень чыгып калды. Демек бул 120 миң добуш жокко чыгарылды дегенди билдирет. 120 миң шайлоочунун добушунун жокко чыгарылышына ким жоопкерчилик алат? Мисалы, мен барып добуш берсем, анан АСУ бюллетенди чайнап салганы үчүн менин добушум жокко чыкпашы керек да?! Буга бирөө керт башы менен жооп бериши керек. Анткени 5 жылдык жашоонун стратегиясын тандап жатам», — дейт жарандык активист.

Мындан тышкары 20дай тилкеде 12 миңден ашуун добуш жокко чыгарылганын билдирди.  Бул — өтө чоң статистикалык көрсөткүч. Президенттик шайлоодо жараксыз бюллетендердин саны 10 миңден гана ашкан. Былтыркы парламенттик шайлоодо 28 миңден гана ашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM