Биз менен байланышыңыз

Оргалча: Жанар экөөбүздүн ортобузда эч кандай келишпестик жок (видео)

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 1881 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Альянс» партиясынан талапкер Токтобүбү Оргалча аны «Кытайдын агенти», «президенттин жубайы Айгүл Жапарованын таанышы» жана «кош жарандуулук» боюнча сындагандарга «Фейсбук» баракчасы аркылуу жооп берди.

Ал улуту кыргыз экенин, аны «кытай, уйгур, шпион» дегенге эч кандай негиз жоктугун жазып, үй-бүлөлүк сүрөтүн жүктөгөн. Ошондой эле өзүнүн өмүр баянын да кыскача кошумчалап өткөн.

«Мен Кыргызстандын жарандыгын алганда, Кытайдын жарандыгын расмий түрдө тапшыргам. Кечээ мандат берилгенден бери «биринчи айымдан досу экен» деген ушактар тарап жатат. Мен биринчи айымды жана президентти бир жолу да көргөн эмесмин. Мен жакындан да көргөн эмесмин, телевизордон анча-мынча көрүп жүрөм. Бул чындыкка дал келбейт, бирок ошол кишилердин саясатын колдойм», — деген Токтобүбү Оргалча.

Ошондой эле ал партиялашы Жанар Акаевди бир тууган инисиндей көрө турганын, аны колдоп кайын журту Кадамжайга чейин барып келгенин белгилеген.

«Жанар иним экөөбүздүн ортобузда эч кандай келишпестик жок. Кудайдын буйругу менен мыйзамдуу түрдө аялдардын квотасы менен мен келип жатам. Мен буга чейин «өтпөй калдым» деп бир жолу да арызданган жокмун. Ушуну түшүнбөй туруп эле мени жерден алып көргө чаап жатасыңар. Бири-бирибизди чукуй бербей, иш жасабайлыбы?» — деди ал.

Кошумчалай кетсек, кечээ 15-декабрда БШКнын чечиминин негизинде «Альянс» партиясына берилүүчү 7 мандаттын төртөөсү эркек талапкерлерге, дагы үч мандат аял талапкерлерге берилмей болгон. Буга чейин гендердик квотаны эске алганда, аталган партиядан 2 аял депутат болуп келмек.

Copyright © 2017 Maral FM