Биз менен байланышыңыз

«Альянс» партиясы БШКнын чечимин сотко берет

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 3668 | 0

«Альянс» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөрткөн чечимин сотко берет. Бул тууралуу партиянын тең төрагасы Мирлан Жээнчороев «Азаттыкка» билдирди.

«Партиянын юристтери өзүбүздүн жүйөлөрдү келтиребиз деп кеңешип жатабыз. Экинчиден, буга чейин бир жолу өтпөй калган документтин шайлоодон кийинки кайра өзгөртүлүшү шайлоонун жыйынтыгына шек жаратат. Мыйзамдуу өлкөдө сот менен чечебиз деп ишенем», — деген ал.

Айта кетсек, БШК 15-декабрдагы жыйынында «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө» токтомуна түзөтүүлөрдү киргизген.

Ага ылайык, 30% гендердик квота боюнча жобо кайрадан каралып, мурунку «төрттөн жетиге чейин мандат алган партияларда эки квота сакталат» деген бөлүгү «эки квота төрттөн алты мандатка чейин алган учурда сакталат» деп өзгөртүлгөн.

Мындан улам парламентке 7 орун алган «Альянс» партиясынын бир мандаты жетинчи орундагы Жанар Акаевге эмес, алган добуштарынын саны боюнча аялдар арасында үчүнчү орунда турган Токтобүбү Оргалчага берилген.

Бул коомчулукта ар түркүн пикирлерди жаратып, нааразычылыкты пайда кылган.

Copyright © 2017 Maral FM