Биз менен байланышыңыз

Рахматуллаев: 350дөн ашык медицина кызматкери кенемте ала элек

Пандемия башталгандан бери коронавирус менен 6 миң 937 медицина кызматкери ооруду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акча убагында бөлүнбөгөндүктөн, медиктерге кенемте төлөп берүү жагынан маселелер болуп жатты. Учурда 1 200 медицина кызматкерине жалпы 243 млн сомдон ашык акча төлөнүп берилди. Дагы 350дөн ашыгы төлөмгө муктаж.

«Биз жакынкы күндөрү эле Министрлер кабинетине кайрылганбыз. Өткөн жумада бул маселе Жогорку Кеңеште каралып, оң жагына чечилди. Дагы 63 млн акча бөлүнмөй болду. Эгер Жаңы жылга чейин берип калышса, ошол замат 2020-2021-жылдын башында ооруп калган медиктерге толугу менен компенсациясын төлөп беребиз», — дейт Рахматуллаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM