Биз менен байланышыңыз

Жапаров УКМКнын №64479 аскер бөлүгүнө барды (сүрөт)

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 642 | 0

Бүгүн, 16-декабрда президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу №64479 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнө 50 жыл толгон мааракеге катышып, Күжүрмөн туу тапшырды.

Садыр Жапаров бул аскер бөлүгү алгач Совет доорунда СССР мамлекетинин жогорку бийлик органдарындагы байланышты камсыз кылуу максатында түзүлүп, күжүрмөн даярдыгы менен айырмаланып келгенин белгиледи.

Андан тышкары аскер казармасы, А. Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун жаңы имараты менен таанышты.

Учурда институттун базасында академия уюштуруу иштери сүйлөшүлүп жатканы президентке маалымдалды.

Аталган институт 2011-жылдын 28-мартында Өкмөттүн токтомунун негизинде түзүлгөн. Мекемеде УКМКнын кызматкерлеринин билим сапатын жогорулатуу үчүн сабактар өтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM