Биз менен байланышыңыз

УКМК сот тармагындагы ири коррупциялык схемаларды аныктады

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 614 | 0

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан сот системасын өнүктүрүү багытындагы иштерди жасоодо бул тармакта коррупция жана системалуу, ири өлчөмдөгү уурдоо фактылары аныкталган.

Бул фактылар боюнча кылмыш иштеринин алкагында, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Анын жүрүшүндө сот тутумунун кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу келип түшкөн маалыматтар тастыкталды.

Маалыматты УКМК билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө, сот тутумун санариптештирүүдө мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгаруу схемалары аныкталды.

Коррупцияга Жогорку соттун жетекчилигинин, Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин, «Адилет сот» мамлекеттик мекемесинин, коммерциялык уюмдардын жана аларга өнөктөш адамдардын тиешеси бар экендиги такталды.

Жогорудагы адамдардын тобу «Жергиликтүү сот», «Кыргыз Республикасынын сот системасынын карызкорлорунун реестри», «Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин Электрондук статистика жана сот органдарынын отчеттуулук системасын» иштеп чыгуу боюнча келишимдерди алдын ала сүйлөшүп алуу менен жасалма жол түзүшүп, ушул максаттарга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Жасалма кабыл алуу актыларына кол коюу жана ири өлчөмдөгү акча каражаттарын «которуп алуу» менен коштолгон сот отурумдарын аудио-видео жазуу, автоматташтыруу жана аларды жаздыруу үчүн аппараттык-программалык комплексти сатып алуу процесси да коррупцияга аралашкан.

Бул кылмыш иштеринин алкагында, сот системасынын 11 кызмат адамы жана жеке бизнестин өкүлдөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылган, анын ичинен 6 адам буга чейин соттолгондор.

Тергөө учурунда 18 миллион 988 миң 553 сом материалдык чыгым аныкталып, мамлекетке кайтарылды.

Азыркы учурда УКМК сот системасындагы жана башка мамлекеттик органдардагы ушул сыяктуу кылмыштарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM