Биз менен байланышыңыз

Акаев: БШКнын чечими жогору жактын басымы менен кабыл алынды

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 1851 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Альянс» партиясынан талапкер Жанар Акаев өзүнө мандат тийбей калганы тууралуу пикирин билдирди.

Ал «Фейсбуктагы» баракчасына шайлоонун жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин, бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү логикага сыйбай турганын жана бул коркоктук экенин жазды.

Депутат бул үчүн Борбордук шайлоо комиссиясын айыптады.

«БШКнын эрежени шайлоодон кийин өзгөрткөн чечими менде эле эмес, элдин баарында күмөн ой жаратты. Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер силердин уятыңарда болсун.

БШКнын шайлоого чейин кабыл алган жобосунда партия 7 мандат алса, экөө аял болот деп так жазылган. Мыйзамды жөнгө салчу эрежени 13-декабрда БШКнын жетекчилиги түнкүсүн мүчөлөрүн чогултуп, басым кылганына карабастан, мүчөлөрү каршы болуп, токтомду өзгөртүү сунушу өтпөй калган. Аны менен тынчыган жок. Эки күн убакыт алып, БШКнын ар бир мүчөсүнө жогорудан «салам-дубай» айттырып, маселени бышырып, кайра дагы алып чыгышты. Кайра-кайра добушка коюп жатып эптеп өткөрдү, бир гана «Альянска», анын ичинен мага гана тиешелүү маселени БШК атайын өзгөрттү. Шайлоо бүтүп, кимдер өткөнү жарыя болгондон кийин да токтомду өзгөрткөнү — акылга сыйгыс көрүнүш» , — деп жазды Жанар Акаев.

Ал жаңы саясий маданиятты калыптандырууну каалаган саясатчылардын бири экенин, гендердик баланс үчүн күрөшүп келгенин жана мындан ары да саясий ишмердиги күчөй турганын кошумчалайт.

Кимдер депутат болгону расмий жарыяланды (тизме)

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрдагы жыйынында «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.

Жыйында айтылгандай, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобо өзгөртүлдү.

Мурунку жободо бир партия төрт же жети мандат алса, анын экөө аялдар үчүн сакталат деп жазылган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, гендердик эки квота төрт же алты мандат алгандан кийин сакталат деп жазылды. Бул өзгөртүү жети мандат алган «Альянс» партиясына тиешелүү болот.

«Альянстын» талапкери Жанар Акаевге берилген мандат добуштардын саны боюнча партиядагы үчүнчү аял болгон Токтобүбү Оргалчага өтөт. Анткени Жанар Акаев алган добуштардын саны боюнча партиянын тизмесинде жетинчи орунда турат.

Ага 4 миң 977 адам добуш берген. Мандатты Токтобүбү Оргалча алса болот. Ал 1 миң 284 добуш алды.

Copyright © 2017 Maral FM