Биз менен байланышыңыз

Кимдер депутат болгону расмий жарыяланды (тизме)

Кыска кабар | 15 Дек 2021 | 12780 | 1

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын бирдиктүү округдан шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, 5%дык босогодон өткөн 6 партиядан төмөнкү талапкерлер мандат ала турган болду:

«Ата Журт Кыргызстан» — 15 мандат (5 аял)

  1. Бакыт Төрөбаев
  2. Фархад Исмаилов
  3. Таалайбек Сарыбашев
  4. Айбек Маткеримов
  5. Жеңишбек Токторбаев
  6. Элдар Сулайманов
  7. Равшанбек Сабиров
  8. Жылдыз Садырбаева
  9. Алишер Козуев
  10. Жаныбек Кыдыкбаев
  11. Талайбек Масабиров
  12. Джамиля Исаева
  13. Надира Нарматова
  14. Камила Талиева
  15. Гүлшаркан Култаева

«Ишеним» — 12 мандат (4 аял)

  1. Медербек Алиев
  2. Эмилбек Джусупов
  3. Жылдыз Таалайбек кызы
  4. Сүйүнбек Өмүрзаков
  5. Улугбек Ормонов
  6. Нурбек Сыдыгалиев
  7. Марат Мураталиев
  8. Бахридин Шабазов
  9. Русланбек Жакышов
  10. Миргүл Темирбаева
  11. Айсара Абдибаева
  12. Чолпон Султанбекова

«Ынтымак» — 9 мандат (3 аял)

  1. Эрулан Көкүлов
  2. Шарапаткан Мажитова
  3. Талант Мамытов
  4. Бакыт Тентишев
  5. Мурадил Сыдыков
  6. Марлен Маматалиев
  7. Балбак Түлөбаев
  8. Аида Исатбек кызы
  9. Лейла Лурова

«Алянс» — 7 мандат (3 аял)

  1. Чынгыз Айдарбеков
  2. Алтынбек Сулайманов
  3. Азамат Исираилов
  4. Фарходбек Алимжанов
  5. Гүлкан Молдобекова
  6. Нилуфар Алимжанова
  7. Токтобүбү Оргалча

«Бүтүн Кыргызстан» — 6 мандат (2 аял)

  1. Адахан Мадумаров
  2. Исхак Масалиев
  3. Эмил Токтошев
  4. Алишер Эрбаев
  5. Орозайым Нарматова
  6. Гуля Кожокулова

«Ыйман нуру» — 5 мандат (2 аял)

  1. Нуржигит Кадырбеков
  2. Султанбай Айжигитов
  3. Замирбек Мамасадыков
  4. Винера Райымбачаева
  5. Динара Ашимова

БШК берген маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 21 партия 1046 талапкер көрсөтүп, анын 1037си каттоодон өткөн. Шайлоо башталганга чейин ар кандай себептер менен 32 талапкер тизмеден алынган.

Шайлоону өткөрүү үчүн 2494 тилке (анын 59у чет өлкөдө) ачылган. Добуштарды кол менен саноо учурунда 20 участканын протоколу жараксыз деп табылып, жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Шайлоодо 3 млн 703 миң 420 шайлоочунун 1 млн 281 миң 622си, тактап айтканда, 34,94%ы добуш берген.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өткөн.

1 пикир

1 пикир

  1. Акай Бегалиев

    16.12.2021 13:37

    Иттен жаман шайтан шайлоо болду,элдин тенинен кобу урдум сенин шайлооунду дегендей кылды,бул бийлике ишенбоочулук.
    Жазда болот болчусу,олкодо Мамлекеттик уурулук токтогон жок,ууруларга кустуруу деген былжырбай «стимуль»берди бул жеткен келесоолук,додойлук,20-жылдан кем эмес жаза мооноту берилиши керек болчу.
    Бийлик БШК Ж.Акаевди откорбой койушу озу коррупция болду,бийлитин бул жоругу илгерки ит адаттын уланышы арты жакшылык менен бутпойт.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM