Биз менен байланышыңыз

Абакиров: «Манас» аэропорту коронавирустан улам көп киреше тапты

«Манас» аэропорту рынокто монополист болгону үчүн гана кармалып турат. Мындай пикирин экономист Эльдар Абакиров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал акыркы күндөрү «Манас» аэропортунун кирешеси өскөнү тууралуу сөздөр көп айтылып жатканына токтолду.

«Аэропорттун кирешеси 3 млрд сомдон ашты, тарыхта мындай болгон эмес», — деп жатышат. Туура, тарыхта андай болгон эмес. Анткени тарыхта коронавирус болгон эмес. Бизде миллионго жакын мигрант бар. Күнүнө 20-30 адам Орусияга кетип жатат. Чек ара жабык болуп, Казакстан аркылуу кете албагандыктан, алар айла жок, билеттин кымбаттыгына карабай, аэропорт аркылуу кетип жатышат. Бул мүмкүн элдин чөнтөгүнө оор келгендир, бирок тескерисинче, «Манас» аэропорту көп киреше тапты», — дейт ал.

Экинчи себеби катары сомдун кунунун түшүп кетишин атады. Бул билет баасынын өсүшүнө алып келди.

«Үчүнчүдөн, бул компания — монополист, жанында бир жеке аэропорт болсо, анда ал жеке аэропорт өнүгүп-өсүп кетмек, биздин мамлекеттик аэропорт артта калып калмак. Анткени «Манас» аэропортун чынында эле заманбап, абалы жакшы аэропорт деп айтуу кыйын», — дейт Абакиров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM