Биз менен байланышыңыз

«Кыргызалтын» турганда, «Улуу көчмөндөрдүн мурасын» түзүүнүн кажети жок болчу»

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясын жаңы түзүп отурбай, «Кыргызалтындын» атын ошентип атап койсок деле болмок. Мындай пикирин экономист Эльдар Абакиров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал азырынча жаңы компания түзүүнүн маанисин түшүнбөй жатканын белгиледи. Анын айтымында, ар бир жаңы ачылган ишкана мамлекетке чоң чыгым алып келет. Ал жерге бухгалтер, юрист сыяктуу штаттарды ачуу керек. Алардын айлыгы казынадан төлөнөт. Ал эми бизде толугу менен мамлекетке караган «Кыргызалтын» деген  акционердик коом бар. Ошол ишкананын атын эле өзгөртүп, президенттин жарлыгында каралган нерселерди анын базасында ишке ашырса болмок.

«Анткени бюджеттен жумшалган ар бир сом Кыргызстандын өнүгүүсүнө өтө керек. Акчаны өтө экономдоо керек. «Улуу көчмөндөр мурасына» 100 млн сом бөлүнүптүр, млрд сомго жеткиребиз деп жатышат. Компания ачкан кишилер билет, ар бир компания ачкан сайын жок дегенде бухгалтерди аласың жумушка, юристти аласың, аларга айлык төлөйсүң, мунун баары бюджеттен кетет. Мындан 1-2 жыл мурун Туризм департаментине караштуу Кыргыз туризм мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Ага бюджеттен 20 миллиондон ашык акча бир бөлүнгөн, жалпысынан 50-60 млн  бөлүнгөн. Ал акча каякка кетти билбейбиз, жыйынтык жок. Ошол эле учурда өткөн жумада окудум, Ат-Башыда 30 миллион сомго бала бакча салышыптыр, эл абдан кубанып атат. Демек, бүгүнкү күнү Туризм департаментин ачкандын ордуна дагы 2 бала бакча салып койсо, пайдалуураак болуп калмак», — деген экономист «Улуу көчмөндөр мурасы» компаниясына бөлүнө турган акчага шаар жергелеринде 10 мыкты мектеп куруп коюу максаттуураак болмоктугун белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM