Биз менен байланышыңыз

Абдрахматова: Аял-эркек деп бөлүнүүнү саясатчылар баштайт

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Дек 2021 | 721 | 0

Өкмөттө бир гана айымдын болушу, парламентте аял депутаттардын аздыгы менен биз Башмыйзамды да, гендерлик теңчилик тууралуу мыйзамды да бузуп жатабыз. Мындай пикири менен Боршайкомдун мурдагы мүчөсү, Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан талапкер Атыр Абдрахматова «Маралдын» эфиринде бөлүштү.

Ал учурда шайлоочулар аял-эркек деп бөлбөй калганын, бөлүнүүнү саясатчылар, чоңдор баштап жатканын кошумчалады.

«Мен шайлоочулардан бир да жолу «сен аялсың, үйдө отурбайсыңбы, эриң жокпу?» деген сөздү уккан жокмун. Анткени бул заманга ылайык суроо эмес. Аны эл түшүнүп турат. Бирок саясатчылардын бирден бир сөзү ошондой. Парламентке, өкмөткө аялдардын көп келгени туура болмок. Анткени аялдар аралашкан жерде коррупция аз болот. Бул — илимий тастыкталган нерсе. Анткени аялда баары бир энелик инстинкт бар. Сөзсүз түрдө эртеңки күнүн, «мен жок болуп калсам кантишет?» деп, балдарын ойлойт. Ошол себептен коррупциялык кылмышка туруштук беришет. Аялдар көбүнчө ресурстарга сарамжалдуу мамиле кылышат. Энелик инстинкт, анан бир аз коркоктук болгондуктан, кескин чечим кабыл алышпайт. Былтыр деле пандемия маалында аял киши башкарган болсо, же жок дегенде өкмөт башында аялдар турган өлкөлөр коронавирус кризисинен тез чыгып кетти. Анткени аялдар көбүрөөк ачык, көбүрөөк түшүндүргөнгө даяр, аялдар акчаны сарамжал колдонууга даяр. Азыр өкмөттө бир эле айым отурат. Бул — Конституцияны да, гендердик теңчилик жөнүндө мыйзамды да бузуу» — дейт Абдрахматова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM