Биз менен байланышыңыз

«Шайлоодо эркек талапкерлер аял талапкерлерди ыйлатканга чейин барышты»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Дек 2021 | 1046 | 0

Шайлоодо айым талапкерлердин жеңиши мамлекетке кадыр-барк алып келерин эч ким түшүнгөн жок. Тескерисинче, мырза талапкерлер абдан чоң бут тосушту. Бул тууралуу Боршайкомдун мурдагы мүчөсү, Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан талапкер болгон Атыр Абдрахматова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал шайлоо алдында өзүнө көп партиядан сунуш түшкөнүнө карабай, бир мандаттуу округдан жарышка жалгыз аттанганын белгиледи. Аял кишинин жарышта утуп келиши демократиянын орношуна, азыркы жүрүп жаткан реформанын позитивдүү жактарын чыгарууга өбөлгө түзмөк.

«Бирок бизде мамлекеттик, андан жогорку деңгээлде ой жүгүрткөндөр аз болуп жатпайбы. Мен 3,5 миңдей шайлоочунун добушун алдым. Эң күтүлбөгөнү мырза талапкерлер абдан чоң бут тосушту. Партиядан чыгып жаткан мырзалар мени элге көлдүк эмес дегенге чейин барышты. Эл аралап барганда, айыл-айыл болуп чогулганда, мени шыбагандар болду. Аймактарда финансылык пирамидадан жабыркагандар көп экен. Менден юрист катары суранышканынан элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштадым. Антсем, менин атаандашым аны мага каршы колдонуп, «Атырдын финансы пирамидасына тиешеси бар» деп жалган маалымат тарата башташты. Ыйлатканга чейин алып барышты эки-үч жолу, тилекке каршы. Акыркы жумаларда мырза талапкерлер биригип кетип, мага согуш жарыялашты. Анткени акыркы күндөрү бардык талапкерлердин баннерлери турса, меники жок болуп калды», — дейт ал.

Бирок буга карабастан, 17 талапкерден 3-орунда келгенин кичине болсо да, жеңиш деп эсептей турганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM