Биз менен байланышыңыз

Талантаалы Бакчиев «Манас» академиясынын президенти болду

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 904 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, манасчы Талантаалы Бакчиев «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти болуп дайындалды.Бул тууралуу «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу жеринен кабарлады.

Жаңы дайындалган жетекчини жамаатка бүгүн, 13-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, манасчы, филология илимдеринин доктору, профессор Талантаалы Бакчиев 1971-жылы 2-декабрда Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Маман айылында туулган.

12-13 жашынан аян алып, «Манас» айтып баштаган.Манасчылыктын аркасы менен бир нече чет өлкөлөрдү кыдырып, бир нече кароо-сынактардын баш байгесин алган, бир катар сыйлыктардын лауреаты болгон. Манасчылыкты аркалоо менен бирге окуу жайда да сабак берип келет.

Талантаалы Бакчиев Манас таануучулар ассоциациясынын президенти, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 20дан ашуун китептин автору. «Манас» эпосуна жана манасчылыкка тиешелүү бир нече республикалык, эл аралык долбоорлордун автору. Улуттук программанын, «Манас» мыйзамынын авторлорунун бири.

Айта кетсек, улуттук академиянын буга чейинки президенти Топчубек Тургуналиев өзүнүн берген арызынын негизинде кызматтан бүгүн бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM