Биз менен байланышыңыз

Топчубек Тургуналиев «Манас» академиясынын президенттигинен кетти

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 526 | 0

Топчубек Тургуналиев «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясынын президенттигинен кетти. Бул тууралуу ишенимдүү булактар кабарлады.

Ишенимдүү булактын айтымында, бүгүн, саат 15:00гө академияга караштуу түзүмдөрдүн, мекемелердин жетекчилери, жамааты чукул жыйынга чакырылган. Ал жерден Топчубек Тургуналиевдин кызматтан кетүү себептери айтылып, жаңы жетекчи менен таанышуу болору болжолдонууда.

«Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы ошол кездеги өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын 31-январындагы жарлыгынын негизинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 3-июнда кол койгон токтом менен түзүлгөн.  17-июнда өкмөт башчы Абылгазиевдин буйругу менен академиянын президенттигине Топчубек Тургуналиев дайындалган. 3-июлда «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси катары Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.

Улуттук академиянын негизги милдети «Манас» эпосун жана Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын эл арасына жана дүйнөлүк масштабда кеңири жайылтуу, мурастардын сакталышына кам көрүү, манасчыларды тарбиялоо болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM