Биз менен байланышыңыз

Мээрим Жуманазарова Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты болду

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 767 | 0

Кечээ, 12-декабрда Улуттук адабият күнүнө карата Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы тапшырылды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Айтматовдун уулу Элдар Айтматов да катышты. Анда төмөнкү жаштар сыйлыктын дипломанты жана лауреаты аталышты.

Адабият жаатында:

балдар жазуучусу Марлен Матназаров — дипломант;

акын, Алыкул атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Бердибек Жамгырчиев — лауреат.

Спорт жаатында: 

эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев — дипломант;

кыз-келиндер күрөшү боюнча балбан, Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова — лауреат.

Музыкалык искусство жаатында:

манасчы Азиз Биймырза уулу — дипломант;

комузчу Дүйшөнбек Закирбек уулу — лауреат.

Көркөм искусство (айкелчилик, сүрөтчүлүк) жаатында: 

сүрөтчү Урмат Серенов — дипломант;

айкелчи Тамила Маматова — лауреат.

Театр жана цирк искусствосу жаатында: 

балет бийчиси Фарух Садыркулов — дипломант;

драма актёру Эржан Осмонов — лауреат.

Журналистика жаатында:

Гүлнара Пратова — лауреат.

Кино искусствосу жаатында:

сценарийчи Адил Алымбеков — дипломант;

кинорежиссёр Асел Жураева — лауреат.

Илим жана жаңы технологиялар жаатында:

Нурбек Асангазиев — дипломант;

Советбек Анарбек уулу — лауреат.

Курулуш, архитектура, дизайн жаатында: 

Элдос Мамазакиров — дипломант;

архитектор Дайырбек Арзыкулов — лауреат.

Жаштар саясаты жаатында: 

Азиза Ибрагимова — дипломант;

Амангелди Жумадилов — лауреат.

Айта кетсек, Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы Өкмөттүн № 514 токтому менен бекитилген. Жобого ылайык, 10 тармак боюнча 11 жеңүүчү аталат. Сыйлык эки жылда бирден тапшырылып, ага эмгегин көрсөткөндөрдүн жашы 35тен ашпоосу керек.

Буга чейин салттуу түрдө 10-ноябрь — Жаштар күнүнө карата тапшырылып келсе, кийинчерээк 12-декабрь — дүйнөлүк залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата тапшырылууга өткөн.

Бул жолку сыйлануучулар арасында экономика, бизнес жана меценаттык иштер боюнча лауреат аныкталган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM