Биз менен байланышыңыз

Күндүн сүрөтү. Бажычылар коррупцияга каршы флешмоб өткөрдү

Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 545 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери «Биз коррупцияга каршыбыз!» аталышында флешмоб уюштурду. Ал 9-декабрь Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата өткөн.

Иш-чаранын алкагында Бажы кызматынын Борбордук аппаратында, ошондой эле бажы органдарында «Биз коррупцияга каршыбыз!», «Коррупция  — токто» деген чакырыктар менен баннерлер илинип, кызматкерлер сүрөткө түшкөн.

Коомчулукта Мамлекеттик бажы кызматы эң коррупциялашкан орган деп бааланып келет. Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Райымбек Матраимов бажыдагы миллиондогон каражаттарды кымырган схемага тиешеси бар экени аныкталып, ага кылмыш иши козголуп, мамлекетке 2 млрд сом төгүп, бошотулган.

Бажы кызматында ишеним телефону иштейт, жарандар бажы органдарында кызматтык тартиптин бузулганы жана коррупциянын белгилери жөнүндө билдирмени иш күндөрү саат 9.00дөн 18-00гө чейин (дем алыш күндөрдөн тышкары) +996 312 51 24 67 номери боюнча жөнөтсө болот.

Күнү-түнү +996 0777 77 71 60 номуру иштейт.

Эл. почта: doverie@customs.gov.kg

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM