Биз менен байланышыңыз

Кошоев: Процессуалдык норма бузулуп жатканына көз жумушууда

Азыркы бийликтин коррупция менен күрөшүнө баа берүү үчүн коррупция менен күрөшкөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу керек. Мындай пикирин коомдук ишмер Ахунбай Кошоев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал Саакашвилини мисал келтирип, 1-2 айдын ичинде эле МАИ тармагына реформа жасап койгонун белгиледи.

«Бизде коррупция менен күрөш болуп жатат, жок дегенге болбойт. Бирок күрөш канчалык эффективдүү? Мени таң калтырганы бизде бир күн бизнес кылбай туруп, өтө бай жашаган мамлекеттик аткаминерлердин бар экени», — дейт ал.

Ахунбай Кошоев бул багытта Башкы прокуратуранын ишине ичи чыкпай жатканын белгиледи. Ал Кыргызстанда коррупцияга шектелип кармалгандар акча берип, кайра үй камагына чыгып кетип жатканы туура эмес дейт.

«Акча төлөп берип жатса, демек ал кылмыш кылды да. Анда процессуалдык иш-чаралар жүрүшү керек эле. Алардын бюджетке канча көлөмдө зыян келтиргени адистер, текшерүүлөр аркылуу такталышы керек болчу. Өтө оор болсо, соттун чечиминен кийин ансыз деле байлыгы конфискация болушу керек. Башкы прокуратура мыйзамдардын туура аткарылышына көзөмөл кылышы керек. Кылмыш кылдыбы, жаза алышы керек. Камап койду эле коркуп кетип, 10-20 млн берип койсо, кайра чыгарып ийди. Процессуалдык норманын баары бузулуп атат. Зулушев эмне унчукпайт? Бул бийликте да, башкы прокурордо да укуктук аң-сезимдин  начарлыгы», — дейт коомдук ишмер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM