Биз менен байланышыңыз

«Өспүрүм курактагы гигиенага өзгөчө көңүл буруу зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Дек 2021 | 1239 | 0

Бала төрөлгөндөн тартып эле анын өздүк гигиенасын сактоо керек. Ал эми өспүрүм куракка жеткенде, бул маселеге өзгөчө көңүл бурулушу зарыл. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жалпы гигиена боюнча дарыгери Мария Кушубакова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өспүрүм курак — кыздар да, балдар да жыныстык жактан жетилип баштаган кез. Андыктан алардын гигиенасына болгон талап башкача болот.

«Мисалы, кыз баланын этек кири келип башташы мүмкүн. Эркек балдардын да жыныстык органы өзгөрүлөт, жетилет дегендей. Ошондуктан аларга өз денесине туура кам көрүү тууралуу маалыматты ата-энеси өз учурунда, туура бериши керек. Айта кетүүчү нерсе, балада өздүк гигиенаны сактоо адатын кичинекей чагынан баштап калыптандыруу зарыл», — дейт Мария Кушубакова.

Дарыгер санитардык нормалар боюнча, мектептерде гигиена кабинетин ачуу талап кылынып жатканын билдирди.

«Сабак убагында кыздардын этек кири келип калган убакыт болот. Андайда кыздардын  кабинетке барып, өздүк гигиенасына кам көрүшүнө шарт түзүлүп берилиши керек. Ошол кабинет бир мугалимге бекитилип берилип, ал көзөмөлгө алышы керек», — деди дарыгер.

Андан тышкары Кушубакова гигиеналык талаптар боюнча мектептердеги ажатканаларда эшик болушу шарт экенин билдирди.

«Бала эшиги жабыла турган ажатканадан өзүн коопсуз сезет. Эшиги жок болсо, көптөр баргысы келбейт. 1-класстын балдары да баргандан коркуп, өзүн-өзү карманат. Мындай учурда кичине баланын заарасы денесине таркап кетиши мүмкүн», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM