Биз менен байланышыңыз

Текебаевге кол салууга шектелген депутат Антикоррупциялык кеңештен чыгарылды

Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 573 | 0

«Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салууда аты аралашкан Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгарылды. Бул тууралуу «Маралга» Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кайрат Чокеев 21-октябрда Антикоррупциялык кеңештин Чүй районундагы аймактык өкүлдөрүнүн коомдук башталыштагы мүчөсү болгон жана облустук өкүл болуп дайындалган.

«Кайрат Чокеевдин «Ата-Мекен» партиясынын лидерине кол салганы тууралуу массалык маалымат каражаттарында, ошондой эле социалдык тармактарда жарыяланган материалдарга таянып, Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин статусуна туура келбеген аракеттери жана жоруктары үчүн кеңештин Чүй облусу боюнча аймактык өкүлдөрүнүн тизмесинен чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканы кабарланды.

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешине мүчө болгонун социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Текебаевге кол салууга шектелген депутат Антикоррупциялык кеңешке мүчө болду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM