Биз менен байланышыңыз

Текебаевге кол салууга шектелген депутат Антикоррупциялык кеңешке мүчө болду

Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 2085 | 0

«Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салууга аты аралашкан, кийин Текебаевден кечирим сураган Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин мүчөсү болду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев 3-декабрда Текебаевге келип, кол салуу үчүн атайын чогулушпаганын, 1-декабрда өлкөдө тынчтыкты талап кылган акцияга келип, капыстан саясатчы менен чыр чыгып кеткенин айтып кечирим сураган.

Социалдык тармакта Кайрат Чокеевдин президенттик шайлоодо президент Садыр Жапаровдун штабынын Токмок шаарынын координатору болгону айтылган. Азыр ал Токмок шаардык кеңешинин депутаты жана көпчүлүк коалициясынын төрагасы.

Эске салсак, 1-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болгон. Саясатчыга 70тей адам келип, кол салганы айтылган. Ички иштер органдары окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Copyright © 2017 Maral FM