Биз менен байланышыңыз

Президент коррупцияга каршы күрөшүүдөн эмнеге майнап чыкпаганын түшүндүрдү

Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 1059 | 0

Бүгүн, 9-декабрь коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады.

Президенттин айтымында, Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун коррупцияга каршы конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча аракеттерди улантып жатат. Мындан тышкары башка эл аралык антикоррупциялык уюмдардын да иш-чараларына активдүү катышууда.

Ошол эле учурда, келечекте Кыргызстанды Европа кеңешинин жемкордукка каршы күрөшкөн өлкөлөр тобуна киргизүү мүмкүнчүлүгү иликтенүүдө.

Мындан тышкары Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жаңы программалык документ иштеп чыгарууда. Анда жүзөгө ашырыла турган тапшырмалар жана максаттар белгиленет.

«Колдонуудагы мыйзамдардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралары менен иштөө тартиби толук жөнгө салынбай, мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги так белгиленген эмес, дал ошондуктан жемкорлорго каршы жүргүзгөн күрөшүбүз натыйжа бербей жатат. Башкы прокуратурага «Коррупцияга каршы күрөш жөнүндө» мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды. Ал декларативдүү гана мүнөздө болбой, учурдун жана дүйнөнүн заманбап талаптарына жооп бериши керек. Эмки жылдын башында ушул жана башка долбоорлорду жүзөгө ашыралы деген ниеттебиз», — деди Жапаров.

Президенттин пикиринде, коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоого саясий эрк жетиштүү.

Copyright © 2017 Maral FM