Connect with us

Жаңылыгы ишенимдүү, келечеги бүдөмүк телеканалдар

Коом | 8 Дек 2021 | 1570 | 0

Бүгүн, 8-декабрда кыргыз телерадио кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатат. Эл аралык изилдөөчүлөр телеканалдар дүйнөдө өз салмагын жогото баштаганын айтышат. Интернет өнүккөн заманда Кыргызстанда телеканалдардын таасири жана келечеги кандай болот? Кененирээк төмөндө.

Эл аралык медиаэксперттер телеберүүлөр өз салмагын жоготуп баратканын айтышууда. Жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, дүйнө жүзүндө калктын 59%ы орточо эсеп менен жумасына бир эле жолу онлайн видео көрөт. Буга интернет желелеринин, социалдык тармактардын таасири күн санап артып баратканы себеп экенин белгилешет.

Дүйнө жүзүндөгү телеканалдардын форматтары өзгөрүп, интернет ТВга айланууда. Көпчүлүккө белгилүү басылмалар, телеканалдар онлайн форматка өтүп баштады. Ал эми Кыргызстандагы мамлекеттик жана жеке менчик телеканалдардын өзүн өзү каржылоосу солгун тартканын, жарнама берүүчү кардарлар акчасын интернетке салып жатышканын медиаэксперт Илим Карыпбеков айтат.

«Көп телеканал бара-бара өлөт. Себеп дегенде азыр заман өзгөрүп жатат. Чоң имараттарды кармап, аларга көп акча коротуп, анын баары ысырап болуп келүүдө. Көп чоң мекемелер жабылып жатат, белгилүү коммерциялык соода бренддер Кыргызстандан кетип жатат. Алар мурда телеканалдарга реклама бере турган болсо, азыр же бербей калышты, же интернетке, социалдык тармактарга берип калды. Акчанын көбү ошого өтүп кетти. Ошондуктан бул абал жылдан жылга кыйын болуп баратат. Бирок бул телеканалдарга чакырык: өздөрүнүн форматын өзгөртүп, онлайнга өтүп, социалдык тармактарга өзүнүн жыштыгы, мазмуну менен кирип, ошол жерде күрөшкөнгө аракет кылышы керек».

Бирок көрөрман, угарман, окурман үчүн алып жаткан маалыматтардын канчалык так жана калыс чагылдырылганын иргеп алуу маселе жаратат. Бул жагдайдан алып караганда, теле жана радиону карапайым эл так маалымат берүүчү булак катары кабыл алат. Кыргызстанда сурамжылоо жүргүзүлүп, катышкан жарандардын 94%ы телени тандашкан. Ошондуктан телерадио актуалдуулугун азырынча жогото элек. Болгону учур талабына ылайык жаңылануу, өнүгүү, жаңы технологияларды пайдалануу менен кошо кетиши керек. Мындай пикирин «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов билдирди.

«Теле жашай берет, жашайт. Анткенти көпчүлүк, биздин жарандар, жалпы адам баласы мурдатан көнүп, калыптанып калган. Телевидение жана радиодон маалыматты алууга көбүрөөк басым жасап, ага көбүрөөк ишеним артат. Учурда интернеттеги маалыматтардын канчалык деңгээлде калыс, ачык-айкын экенин көпчүлүгү биле бербегендиктен адамдардын канча бир пайызы медиасабаттуулукту түшүнө баштады. Алардын көрсөткүчү абдан аз. Калган жарандар: «Так маалыматты теле менен радио берет», — дешет».  

Эл аралык изилдөөгө ылайык, эгер радионун 50 млн аудиториясы болсо, аны топтоого 38 жыл кетет. Ал эми телеге 13 жыл, интернет медиага 4 гана жыл керектелет.

Медиаэксперт Тынчтыкбек Кожобековдун пикиринде, ойлоп табуучулар, программалоочулар жаңы технологияларды ойлоп таба турушкан болсо, теле жана радиого кыйын болушу мүмкүн, журналистика кыйла өзгөрүп, жаңылык жараткан адам автордук укукка ээ боло турган убакка баратканын айтат.

«Азыр биз жаңылык жасоого, жок жаңылыкты жаратууга ыкташыбыз керек. Бирок ал бардык журналистиканын тартиптерине ылайыкталышы шарт: адамдардын аброюна шек келтирбеген, ойлоп табылбаган, жамандыкка ыктабаган жаңылыктарды журналисттер өздөрү изилдеп, анализдеп анан жасашы керек. Биз азыр интернет талап кылган нерселерге ыктап, ызы-чуу жараткан жаңылыктар менен алектенип жатабыз. Биринин оюн бири уурдап жатат. А келечекте андайга жол берилбей калат. Мисалы, жаңылык ойлоп тапкан адам автордук укукка ээ болуп кала турган убакка баратабыз, ошол жагынан көп соттошуулар, ызы-чуулар болушу мүмкүн».

Өлкөдө Кыргыз Өкмөтүнүн 1995-жылдагы токтомунун негизинде 8-декабрь телерадио кызматкерлеринин күнү деп белгиленип келет. 1958-жылы дал ушул күнү Кыргызстанда эң алгачкы телепрограмма эфирге чыккан.

Бул датага байланыштуу өлкө башчысы Садыр Жапаров телерадио кызматкерлерин куттуктап, анда маалымат таратуунун ыкмалары жана элге жеткирүүнүн жолдору өнүгүп, атаандаштык күч алып жаткан мезгилде алар аркалаган кесиптин орду өтө бийик экенин, коомдогу окуяларды чебер чагылдыруу бир топ эмгекти талап кыларын баса белгиледи.

«Эң негизгиси, сиздер коомдук пикирди калыптандырууда өрнөк боло турган туура багыт аркылуу элге таалим-тарбия берип, агартуу жаатында да чоң милдетти аткарып келесиздер. Ошондуктан, биринчи кезекте, элдин купулуна толгон жагымдуу жаңылыктар, таасирлүү каармандар тууралуу жогорку деңгээлдеги берүүлөрдүн көп болуусуна тилектешмин. Жашап жаткан доорубузда не деген олуттуу окуялар, жетишкендиктер болуп жатат, эл ичинде ар кыл кесиптин не деген мыкты ээлери бар! Алар сиздердин маектешиңер, ал турсун сырдашыңар болуп келүүдө. Алар менен калкты байланыштырып, телеберүүлөрдүн, радиоуктуруулардын сапатын көтөрүү сиздердин колуңуздарда».

Өлкө боюнча 1,5 миң жалпыга маалымдоо каражаты Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Бүгүнкү күндө кыргыз тилдүү 159 гезит, 25 телеканал, 26 радиостанция иштеп, анда жалпы 1875 журналист эмгектенет.  

Copyright © 2017 Maral FM