Биз менен байланышыңыз

«Жер салыгынан бошотуудан казына 1 млрд сом зыянга учурайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Дек 2021 | 1126 | 0

Дыйкандарды жер салыгынан бошотуудан 3 жылда орточо 1 млрд сом бюджетке түшпөй калат. Бул туурасында Айыл, суу жана токой чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул жарлык түздөн-түз 349 дыйкан-фермердик чарбага, 328 айыл чарба кооперативине, 206 үрөн чарба жана асыл тукум чарбаларга тиешелүү болот.

«Жылына жалпы жер салыгынан 320 млн сом бюджетке түшүп турчу, ошондо 3 жылда орточо 1 млрд сом бюджетке түшпөй калат», — деди ал.

Белгилей кетүүчү жагдай, Министрлер кабинетине бул акчаны республикалык бюджеттен таап, ордун толуктоо тапшырмасы коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM