Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы жаңы жылдык кеченин ордуна кайрымдуулук кылат

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 990 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы жана ага караштуу мекемелер быйыл жаңы жылдык кечелерден баш тартышты. Анын ордуна кайрымдуулук өткөрүшөт.

«Шаар мэриясынын, муниципалдык коммуналдык кызматтардын кызматкерлери жаңы жыл алдында жамааттык иш-чараларды өткөрүүнүн ордуна, борбордо иштеп жаткан ар кандай социалдык мекемелерге тиричилик буюмдарын жана тиричилик техникасын сатып алууну пландаштырууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим оор эпидемиологиялык жана экономикалык кырдаалда калктын социалдык аялуу катмарына мүмкүн болушунча жардам жана колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Бишкек мэриясы мекеме-ишканаларынын жамааттарын бул демилгеге кошулууга жана келе жаткан жаңы жылдык майрамдардын алдында муктаж болгон мекендештерге ушундай эле жол менен жардам берүүгө чакырат.

Акцияга колдоо көрсөтүүнү каалагандар үчүн борбор калаанын мэриясы борбордогу социалдык мекемелердин, алардын муктаждыктарынын тизмесин бере алат.

Жаңы жылга карата Бишкекте майрамдык фейерверк болбойт. Мындай чечим экологиялык коопсуздук үчүн кабыл алынган. Ага кете турган 800 миң сом башка иштерге жумшалат.

Copyright © 2017 Maral FM