Биз менен байланышыңыз

УКМК: Алдамчылыкка шектелген милиция кызматкерине издөө жарыяланды

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 648 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине издөө жарыялады.

Маалым болгондой, О.А. аттуу жаран Октябрь райондук милициясынын кызматкери С.Р. 135 миң долларын алдап алып, ар кандай шылтоолор менен бербей жатканын айтып арыз жазган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (кызмат абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жасоо) менен иш козголду.

Учурда Биринчи Май райондук соту милиция кызматкери С.Р.ны камакка алуу чечимин чыгарып, кылмышка шектүү изделип жатат.

УКМК бул адамдан жабыркаган жарандар болсо, (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефонуна, (0702) 23-32-43 WhatsApp номерине, ошондой эле аймактык башкармалыктарга байланышып коюуну өтүнөт.

  • Чүй облусу: (0312) 54-07 19:
  • Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
  • Ош облусу: (03222) 2-30-78;
  • Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
  • Талас облусу: (03422) 5-20-43;
  • Нарын облусу: (03522) 5-08-49;
  • Баткен облусу: (03622) 5-00-33.

Copyright © 2017 Maral FM