4-декабрда, Ош шаарындагы Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыгында социалдык объекттердин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул аймакта үй-бүлөлүк медицина борбору, окуу борбору жана мечит курулат. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын президенти Мохаммед Мады, аймактык башкармалыктын башчысы, аксакалдар жана жашоочулар катышты.
Вице-мэр өз сөзүндө шаардын кичи райондорундагы инфраструктуранын өнүгүүсүнө салым кошуп жатканы үчүн Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясына ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, башталган курулуш кийинки жылдын экинчи жарымында бүткөрүлөт деп пландалууда.