Биз менен байланышыңыз

Кол санак 97% аяктады. Босого чектен өткөн партиялар канчадан мандат алышат?

Кыска кабар | 3 Дек 2021 | 1052 | 0

Бүгүн, 3-декабрь саат 18:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 97,07 пайызы маалыматтык серверге киргизилди.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендер кол менен саналып бүткөнүн, серверге киргизилип жатканын кабарлаган.

Бирдиктүү шайлоо округунан шайлоого 1 миң 6 талапкерден турган 21 партия катышкан.

2494 шайлоо участогунун 2421инен кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы келип түшкөн. Ага ылайык, 5%дык босого чектен өткөн партияларга төмөнкүдөй санда мандат бөлүштүрүлүшү мүмкүн:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 16,97% (15 мандат)

«Ишеним» — 13,53% — (12 мандат)

«Ынтымак» — 10,99% — (9 мандат)

«Альянс» — 8,13% — (7 мандат)

«Бүтүн Кыргызстан» — 6.94% (6 мандат)

«Ыйман Нуру» — 6,11% (5 мандат).

Copyright © 2017 Maral FM