Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы: Ишенимден кеткен үч инспектор иштен бошотулду

Кыска кабар | 3 Дек 2021 | 230 | 0

Буга чейин УКМК тарабынан кармалган үч инспектор ишенимден кеткенине байланыштуу кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка төрага Алтынбек Абдувапов кол койду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Айта кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Ак-Тилек» салык каттоо пунктунан, «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунан Кыргызстанга товар алып өтүүдө коррупциялык схемалар уюштурулганын аныктап, 2-декарда ага шектүү катары Мамлекеттик салык кызматынын 3, Транспорт жана коммуникация министрлигинин 1 кызматкерин камакка алган.

Айтылган кызматкерлердин экөө Салык кызматынын Чүй, Талас, Ош облустары боюнча ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын, бирөө «Ак-Тилек» салмак-габариттик көзөмөл пунктунун башкы инспектору болгон.

УКМК: «Ак-Тилек» пунктун акча табуу булагына айланткандар кармалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM