Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттик чарбаны ревизиядан өткөрүү зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Дек 2021 | 1235 | 0

Оптимизациялоодо биринчиден, мамлекеттик кызматтардагы штаттык бирдиктерди карап чыгуу маанилүү. Мындай пикирин коомдук ишмер Шайырбек Маматокторов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мамлекетте 15 миңдин тегерегиндеги кызматтык унаа бар. Алардын арасында эбак бузулган, 1980-1985-жылкы унааларга да «май куюлуп» жатат. Андан тышкары чиновниктердин көбү 2,5 тоннадан өйдө жолтандабастарды айдашат.

«Аларга күнүнө 10 эле литрден күйүүчү май куюлса, айына канча акча чыгып кетет. Бирок ошол акча аларга Кызыл-Аскерге барып келгенине да жетпейт. Андан тышкары мунициалдык  кызматтарда жок адамдарга айлык жазылып жүргөн учурлар бар. Каражаттын баары ошол жакка кетип жатат. Ошон үчүн биринчи кезекте мамлекеттик чарбаны толук ревизиядан өткөрүү керек», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM