Биз менен байланышыңыз

УКМК: Келдибеков, Догоев жана Акимбаевдер сурак берип чыкты

Кыска кабар | 2 Дек 2021 | 1054 | 0

Парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын туура эмес көрсөткөнү боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Ахматбек Келдибеков сурак берди.

УКМК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ахматбек Келдибековдун видеосу интернетке жарыяланганын, анда ал БШКнын техникалык жабдылышынын ачык-айкындыгына шек келтиргенин билдирди.

Буга байланыштуу тиешелүү кылмыш ишинин алкагында, Акматбек Келдибеков, санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев жана БШКнын программалык-техникалык тейлөө жана маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Аскар Акимбаев иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн суракка чакырылган.

Ошону менен бирге эле Акматбек Келдибеков менен парламенттик шайлоодо БШК тарабынан мыйзам бузуулар болгон деген ырасталбаган божомолдорду ачык талкуулоо үчүн аянтча түзүлдү.

БШКнын компетенттүү кызматкерлери келтирген төгүндөлгүс далилдердин жана жүйөлүү аргументтердин натыйжасында, Келдибеков Борбордук шайлоо комиссиясына койгон айыптарынын негизсиздигине жана ал тарабынан айтылган версиялардын туура эмес экенине жеке ынанды.

Катышуучулар өлкөнүн парламентине шайлоолор талапкер Акматбек Келдибековдун  БШКнын программалык камсыздоосунун жана техникалык жабдууларынын иштешине байланыштуу бардык суроолоруна, анын ишине сырттан кандайдыр бир кийлигишүүнүн жана шайлоонун иш жүзүндөгү жыйынтыктарын бурмалоонун мүмкүн эместигин ырастаган толук жоопторду беришти.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, анын жыйынтыгы өз убагында коомчулукка маалымдалат.

Ошону менен бирге, УКМК шайлоо процессине байланыштуу бардык саясий күчтөрдү жана талапкерлерди коомчулукту адаштырбоого жана өлкө жарандарынын пикири менен спекуляция кылбоого чакырат, анын аягы терс кесепеттерге, анын ичинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM