Бүгүн, 2-декабрь саат 16:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 71,45 пайызы маалыматтык серверге киргизилди.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендер кол менен саналып бүткөнүн, серверге киргизилип жатканын кабарлаган.
Бирдиктүү шайлоо округунан шайлоого 1 миң 6 талапкерден турган 21 партия катышкан.
Добуштардын 70 пайызын кол менен саноонун жыйынтыгында төмөнкү партиялар беш пайыздык босогодон өттү:
«Ата-Журт Кыргызстан» — 15,99%,
«Ишеним» — 13,89%;
«Ынтымак» — 12,02%;
«Альянс» — 7,72%;
«Ыйман Нуру» — 6,62%;
«Бүтүн Кыргызстан» — 6.47%.
Кол санак 90% аяктады. Босого баллдан өткөн партиялар (тизме)
Айзат
02.12.2021 16:40
Иий,каап….
,,Эл умуту,,отуп калса жакшы болот эле….