Биз менен байланышыңыз

Мамашова: Эмне үчүн эсептик чен 8 %га чейин жогорулады?

Кыска кабар | 2 Дек 2021 | 2232 | 0

Эки күн мурун Улуттук банк эсептик ченди 8 пайызга чейин жогорулатты. Мындан улам биздин жарандар үчүн сом менен берилүүчү насыялар кымбаттайт. Ошондо бир да жаран 8%дан төмөн насыя ала албайт. Эмне үчүн мындай чечим кабыл алынды? Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова бүгүнкү жыйында билдирди.

«Мен түшүнөм, бүгүнкү күндө өлкөдө инфиляция 12%дан ашты. Бирок жарандар бизнестерин иштетиши үчүн өндүрүүчүлөр арзан сомдорго муктаж болуп жатат. Ошону камсыздай албасак, бул эмне деген көрсөткүч? Ошондуктан Улуттук банкка эмне үчүн эсептик чен 8 пайызга чейин жогорулаганын, эмне себептерден көтөрүлгөнүн аныктоо боюнча протоколдук тапшырма берели» , — деди Мамашова.

Ошондой эле ал аймактарда элдин 90%ы насыя менен жашай турганын кошумчалады.

Улуттук банктын жүйөсү боюнча, дүйнө жүзүндө жана Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө инфляция жогору болууда.

Кыргызстанда экономиканын пандемияга чейинки калыбына келүү фазасы аягына чыга элек. 2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмдүн реалдуу өсүшү 1,6 пайызды түзгөн.

Ошол эле учурда «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, ИДӨнүн өсүшү 4,1 пайыз чегинде катталган.

Өлкөгө акчалай которуулардын көлөмү өсүп, экономиканын калыбына келишинде жакшы натыйжа берген. 2021-жылдын январь-сентябрь айлары ичинде жеке адамдар которгон акча каражатынын таза агымы 19 пайызга жогорулады. Тагыраагы, 1,6 млрд долларга жакын акча которулду.

2021-жылдын ноябрь айында инфляция жылдык мааниде 12,1 пайызды түзгөн. Жыл башынан тарта баалар 9,5 пайызга өскөн.

Улуттук банк ушул жылдын октябрь айында эсептик чен өлчөмүн 7,5% деңгээлинде сактап турган. Жылдын башында февраль айында 5,5 пайыз болуп турган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM