Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен жогорку инфляция Беларусияда катталды

Кыска кабар | 14 Мар 2021 | 475 | 0

Ушул жылдын февраль айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди, муну менен бирге алардын ичинен эң жогорку өсүү Беларусияда (1,9 пайызга) катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет расмий сайтына жарыялады.

2021-жылдын февралында 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын жогорку деңгээли (3,1 %) Беларусияда, ал эми төмөнкү деңгээли (1,3 %) Казакстанда катталды.

Муну менен бирге Арменияда баалар жана тарифтер эң көп 4,9 %га, азык-түлүккө 2,7 %га жогорулады. Ошол эле мезгилде баалардын өтө жогорку өсүүсү кызмат көрсөтүүлөргө 3,7 пайыз Беларусияда катталды.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

(пайыз менен, өсүшү +, төмөндөшү —)

Февраль
январга карата
Февраль
мурунку жылдын декабрына карата
Январь-февралдагы өсүүнүн орточо айлык темптери (төмөндөшү)
2020 2021 2020 2021 2020 2021
Армения -0,2 0,6 1,2 2,8 0,5 1,4
Беларусия 1,0 1,9 1,9 3,1 0,9 1,5
Казакстан 0,6 0,7 1,3 1,3 0,6 0,6
Кыргызстан 0,6 1,1 1,2 2,0 0,6 1,0
Орусия 0,3 0,8 0,7 1,5 0,4 0,7

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM