Биз менен байланышыңыз

УКМК: Акматбек Келдибеков УКМКга чакырылды

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 458 | 0

УКМК тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын туура эмес көрсөтүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүүдө.

Ошол эле учурда буга чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын сайтка чыгарууда негизги серверден механикалык ката кеткени тууралуу түшүндүрмө берген.

Бирок 1-декабрда социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акматбек Келдибековдун добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схемаларды көрсөтүп, коомду адаштырып, ошону менен коомдук саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзгөн видео тараган.

Буга байланыштуу Келдибеков видеотасмада айтылган жүйөлөрү боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга суракка чакырылды.

Copyright © 2017 Maral FM