Биз менен байланышыңыз

350 миң сом пара талап кылган УКМКнын кызматкери кармалды

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 760 | 0

2019-жылдын 17-майында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Өздүк коопсуздук кызматы Аскер прокуратурасы менен биргеликте УКМК коррупцияга каршы кызматынын материалдары боюнча 50 миң сом пара алып жаткан учурунда УКМК кызматкери Н.А. кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Такталгандай, кармалган адам текшерүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом пара талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктун боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Бишкек комендатурасынын гарнизинондук гауптвахтасына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM