Биз менен байланышыңыз

Эдил Байсалов Лондондо жумушчу сапар менен жүрөт (сүрөт)

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 660 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн Лондон шаарындагы Mines and Money дүйнөлүк тоо-кен көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын улуттук стенди менен таанышты.

Эки күнгө созулуучу дүйнөлүк көргөзмө пикир алышуу, окутуу жана бизнес жүргүзүү иретинде инвесторлорду жана тоо-кен корпорацияларын чогултат. Иш-чара тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү жана ага инвестиция тартууга дем берүү, ошондой эле бүтүмдөрдү жасоо үчүн аянтча катары саналат.

Эдил Байсалов анын Бириккен Королдуктагы дипломатиялык миссиясынын жыйынтыкталышына байланыштуу бир катар протоколдук иш-чараларды өткөрүү үчүн Лондон шаарында жумушчу сапары менен жүрөт.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө ал мамлекеттик органдар жана эл аралык компаниялар менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт жана 3-декабрда Кэмбриж университетинде мурда пландаштырган лекциясын өткөрөт.

Мындан тышкары Лондон шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова өз алдынча жолугушуулар программасы менен жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM