Биз менен байланышыңыз

Үч депутаттын иши боюнча комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 690 | 0

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында камактагы депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Бактыбек Жетигеновдун кол тийбестигин кароо боюнча комиссия түзүлдү.

Комиссия жалпы 7 депутаттан куралды. Алардын экөө «Кыргызстан» фракциясынан.

Тизмеге «КСДПдан» Евгения Строкова , «Республика-Ата-Журттан» Авазбек Абдугапаров, «Кыргызстандан» Канатбек Исаев, Алмаз Токторов, «Өнүгүү-Прогресстен» Тазабек Икрамов, «Бир Болдон» Мамасадык Бакиров, «Ата Мекенден» Эмил Токтошев кирди.

Комиссия түзүү боюнча токтомго жалпы 62 депутат макул болду.

Түзүлгөн комиссия үч депутат боюнча алып барылып жаткан ишти карап чыгып, кортундусун палатага алып келет. Андан соң депутаттар чечим чыгарат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров «Кумтөр» иши боюнча камалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын карап, 2022-жылдын 30-январына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ошондой эле Бактыбек Жетигенов 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырылган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу, бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM