Биз менен байланышыңыз

Жылкыбаев: Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылбайт

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Ноя 2021 | 1362 | 2

Партиялардын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талаптары аткарылбайт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал мурунку жылдарга салыштырмалуу шайлоо «аябай эле таза өткөнүн» белгиледи − админресурс, добуштарды сатып алуу деген болгон жок, мыйзам бузуулар болгон жок. Шайлоого даярдыктар дагы жакшы деңгээлде өткөн, добуш берүү күнү да массалык мыйзам бузуулар катталган эмес. Ал эми шайлоого 35% гана шайлоочу катышканын Узарбек Жылкыбаев иш-чаранын таза өткөнүнүн бир белгиси катары баалады.

«Бул -реалдуу цифра. Мурункудай ташыган жокпуз, мурункудай мажбурлаган жокпуз, каалаган шайлоочу келип, өз тандоосун жасап кетти», — деди ал.

Андыктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга олуттуу негиз жок экенин айтты.

«Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн жүйөлүү себептер болушу керек. Мен андай себептерди көрө элекмин. Ошондуктан жокко чыгарылбайт. Демократиялык өлкө болгон үчүн митингге чыгуу алардын укугу, өз оюн айтса болот, митингге чыкса болот. Андан маселе жаралбашы керек. Сүйлөшөбүз дешсе, биз ар дайым ачыкпыз», — дейт  Жылкыбаев.

Эскерте кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, БШКга барган партия өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясына эки күн убакыт беришкен. Чогулгандар шайлоону таза эмес өткөргөн БШК мүчөлөрүн жоопко тартууну, шайлоонун ыплас өтүшүнө шарт түзгөн Өкмөттүн отставкасын, андан тышкары тез арада кайра шайлоо жарыялоону талап кылышкан.

2 пикир

2 пикир

  1. Нурсултан

    30.11.2021 17:22

    Админ ресурс колдонулбаганы менен жыйынтыгын да мандатты озунор болуштуруп койдунарда бул кундорда отот жооп бересинер шайлоо жокко чыкбаса анда Садыр кетет боршайкомдун баары камалат

  2. Pingback: Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгабы? БШК жооп берди | Ring.Kg

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM